super.kg logo

Бишкектеги мектепте билими жоктор сабак берип келишкени аныкталды

 
Бишкектин №28 мектеп-комплексинде билим берүү жана финансылык тармактагы мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, айрым мугалимдердин билими ээлеген кызмат ордуна жана окуткан сабагына шайкеш келбейт. Мектеп директорунун орун басарынын педагогикалык билими жок болгон. Ошондой эле айрым кызматкерлер эмгек милдеттерин аткарбаса дагы мыйзамсыз айлык акы алып турушкан.
Мындан тышкары, мектепке чейинки бөлүмдө тарбияланып жаткан айрым балдар каттоого алынган эмес. Мындан улам ай сайын төлөнүүчү акча каражаттары кассага түшкөн эмес.
Натыйжада, чара көрүү актылары киргизилип, мыйзамсыз сарпталган акча каражаттары толугу менен бюджетке кайтарылып, мектептин директору жана анын орун басары ээлеген кызматынан бошотулган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: