Муфтияттын өкүлдөрү жолдогу рейддик иш-чарага катышты
Нарын облусунда 27-июлда "Адам жаны аманат" аттуу профилактикалык иш-чара өттү. Ага муфтияттын Нарындагы өкүлчүлүгү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Нарындагы башкармалыгы менен биргеликте катышты.Анын алкагында жол тескөөчүлөр тарабынан унаалар токтотулуп, жол эрежелерин так сактоо жана жолдо маданияттуу жүрүм-турумду кармануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
ЖКККББнын маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкө аймагында:
- 2000ден ашуун жол кырсыктары катталды,
- 3000дей адам ар кандай жаракаттарды алды,
- 300дөн ашуун адам каза болду.
ЖКККББ билдиргендей, бүгүнкү күндө жол кырсыктарынын негизги себептери - ылдамдыкты ашыруу, маневр жасоо менен карама-каршы тилкеге чыгуу болууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















