“Каракол” аэропорту августта эл аралык каттамдарды кабыл алат
Август айынын ортосунда “Каракол” аэропортунда алгачкы техникалык эл аралык каттамды аткаруу пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.
Маалым болгондой, учурда учуу-конуу тилкесин узартуу боюнча негизги иштер дээрлик аяктап, курулуш иштери 95 пайызга аткарылды. Жаңы тилкеге заманбап жарык-сигнал берүүчү жабдуулар орнотулуп, буга чейин колдонулуп келген учуу-конуу тилкесинин иштеп жаткан системи менен интеграциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бардык ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштери аяктагандан кийин, аэропорт аба кемелерин күндүз да, түнкүсүн да кабыл алып, жөнөтө алат. Ошол эле учурда авиакомпаниялар менен туруктуу эл аралык каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















