Жеки Чан менен Жан-Клод Ван Дамм Кыргызстанга чакырылды
Дүйнөгө белгилүү актёрлор Жан-Клод Ван Дамм менен Жеки Чандын Кыргызстанга келиши күтүлүп жатат. Бүгүн, 30-июлда Ысык-Көлдө өтө турган "Формула-1" кайыктар жарышына арналган маалымат жыйынында өлкөнүн Суу-мотор спорту федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов билдирди.
Анын айтымында, уюштуруучулар Жеки Чанга бир нече жолу чакыруу жөнөтүшкөн. Бирок актёрдун иш графиги өтө жыш болгондуктан, азырынча анын келери так айтыла элек.
"Биз Кытайга белгилүү актёр Жеки Чанга бир нече жолу чакыруу жөнөттүк. Анын иш графиги өтө жыш экени баарына белгилүү. Азырынча келишин күтүп жатабыз, бирок так айта албайбыз. Мындан тышкары, учурда Мадридде Жан-Клод Ван Даммды анын макулдугу болгон учурда Кыргызстанга алып келе турган учак даяр турат",- деди Абылкасымов.
Буга чейин социалдык тармактарда футболчу Криштиану Роналдунун Кыргызстанга келиши мүмкүн экени тууралуу маалыматтар тараган. Бирок уюштуруучулар бул жолу анын сапары болбой турганын билдирип, белгилүү спортчуну кийинки иш-чаралардын бирине чакырууну пландап жатышканын белгилешти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















