Батегинен акча табылып... Бишкекте мекендештерин алдап келген чет өлкөлүк жаран кармалды
Бишкекте мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип 25 жаштагы чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын үстүнөн мекендеши арыз жазган. Анын айтымында, шектүү жасалма жумушчу жана студенттик визаларды даярдоо жана сатуу менен алектенип келген. Ал билбестен 1000 долларга сатып алган.
Шектүүнүн жасаган иштеринен улам чет өлкөлүктөр Кыргызстанга учуп келишип, бирок кире алышпай кайра өз өлкөсүнө кетишкен учурлар да катталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү (алып чыгуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү өзүнүн шериктери менен кеминде 200 чет өлкөлүктүн Кыргызстанга мыйзамсыз киришине жана 30дан ашуун чет өлкөлүк жарандын өлкө аймагында мыйзамсыз жүрүүсүнө шарт түзгөн.
Учурда анын шериктери аныктала элек. Шектүүнүн өзүн колго түшүргөндө, анын бут кийиминин таманынын астынан жасалмалоонун белгилери бар 1400 доллар табылган. Ал эми унаасынан 2 чет өлкөлүк жарандын паспорту, 1 чет өлкөлүк жарандын жумушчу визасы жана кылмыш иши үчүн маанилүү болгон башка буюмдар менен документтер алынган. Үйүнөн болсо, чет өлкөлүк жарандын тил каты жана "Жашыл коридор" программасы боюнча каттарды алуу үчүн арыздардын бланктары табылган.
Бишкекте мекендештерин алдап келген чет өлкөлүк кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















