super.kg logo

Балыкчы шаарын айланып өтчү жолдун курулушу кызуу жүрүүдө (видео)

 
Балыкчы шаарында узундугу 6,4 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.
Министрдин айтымында, долбоордун курулушу ушул жылдын апрель айында башталган.
Жол 4 тилкелүү болуп, 3 айланма кесилишти, темир жол аркылуу өтүүчү көпүрөнү, 12 суу өткөрүүчү түтүктү, туурасы 4,5 метр болгон велосипед жолун жана автоунаа токтотуучу жайды камтыйт.
"Жаңы айланма жол шаардын борборундагы транзиттик унаалардын агымын азайтып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатат, жол жүрүү убактысын кыскартат жана аймактар аралык транспорттук байланышты жакшыртат",- деп жазды министр.
Учурда курулуш аянтында 34 даана техника жана 60 адис эмгектенүүдө.





Балыкчы шаарын айланып өтчү жолдун курулушу кызуу жүрүүдө 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: