Кыргызстанда 800дөй студент дипломсуз калуу коркунучунда турат
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде билим алган 800гө жакын студент дипломсуз калуу коркунучуна туш болгонун айтып, окуу жайдын жетекчилигине нааразы болушууда. Бул тууралуу BBC Кыргыз кызматы билдирди.
Студенттер 4-5 жыл бою келишимдик негизде окуп, жыл сайын 35-40 миң сомдон окуу акысын төлөп келишкенин, эми болсо дипломдук иш жактоого уруксат берилбей жатканын билдиришүүдө. Алар окууга кабыл алуу мыйзамдуу жүргүзүлгөнүнө ишенишкенин белгилешет.
Айрымдары 2021-жылы Орусиядагы окуу жайда бир жыл онлайн билим алып, кийин Кыргызстандагы университетке которулуп окуусун улантуу сунушталганын айтышкан. Азыр болсо Орусиядагы окуусун тастыктаган документтер жараксыз деп табылып, окуудан четтетилип жатканын кабарлашып, мамлекеттен маселеге кийлигишүүнү суранышууда.
Ал эми КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев бул маселе УКМК тарабынан иликтенип жатканын билдирген. Анын айтымында, негизги көйгөй - студенттердин Орусиядагы университетте билим алганын расмий түрдө тастыктоо мүмкүн болбой жатканы.
Студенттердин кызыкчылыгын коргогон юрист Адилет Мерканов эгер кабыл алуу учурунда мыйзам бузуу же коррупциялык схема болгон болсо, жоопкерчилик студенттерге гана жүктөлбөшү керек деген пикирин айткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















