Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз-казак айтышынын тандоо туру өтөт
10-августта Бишкектеги Кыргыз улуттук "Манас" театрында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын тандоо туру уюштурулат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, тандоо туруна республикалык жана эл аралык айтыштардын алдын ала баскычтарынан өткөн акындар катышат.
Акындар алым-сабак форматында күч сынашып, калыстардын чечими менен эң көп упай топтогон 8 акын финалга жолдомо алат.
Эл аралык айтыштын финалы 2-4-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда өтөт. Байге фонду 3 миллион сомду түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















