Депутаттар Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын иши менен таанышты
Бүгүн, 30-июлда Жогорку Кеңештин "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров баштаган депутаттар Азамжан Жалилов жана Бекмурза Эргешов Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө эл өкүлдөрү медициналык мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү жана алдыда ишке ашырыла турган ири долбоорлор менен таанышты.
Депутаттар Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан гранттык негизде берилүүчү заманбап медициналык жабдууларды орнотуу маселесин талкуулашты.
Долбоордун алкагында ангиограф жана компьютердик томограф аппараттарын жайгаштыруу үчүн кошумча имарат куруу пландалууда.
Ошондой эле депутаттар капиталдык оңдоодон өткөн бөлүмдөрдү көрүп чыгып, дарыгерлер жана оорукананын эмгек жамааты менен жолугушту. Жолугушууда саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жана калкка көрсөтүлүүчү жардамды өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Талайбек Масабировдун маалыматына ылайык, жакын арада JICAнын колдоосу менен Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жалпы баасы 11,5 млн АКШ долларын түзгөн 31 түрдөгү 130 даана заманбап медициналык жабдуу алып келүү пландалууда.
Бул жабдуулар оорукананын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, аймак тургундарына көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга шарт түзөрү белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















