Бишкекте жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды
Бишкекте жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 24 күн мурун, тагыраагы, 4-июлда саат 6:00 чамасында болгон. Кыздын апасы арыз жазган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (Бузукулук аракеттери) менен кылмыш иши козголгон. Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















