"Ala Tower'дин" курулушун жандандыруу тапшырмасы берилди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ala Tower" көп функционалдуу борбордун курулуш иштери менен таанышты.Объекттин курулушу 2024-жылы башталган жана бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
Шаар мэри "Шаако Строй" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушууда курулуш иштерин токтоосуз жандандырууну талап кылды. Бул тапшырманы аткарууга бир айлык мөөнөт берилди.
Эгерде белгиленген мөөнөттө курулуштун реалдуу темпи камсыздалбаса, тиешелүү кызматтарга келишимди мыйзамда белгиленген тартипте бузуу маселесин кароо тапшырылды.
Аталган объект борбордун чок ортосунда, тагыраагы Орозбеков көчөсүндө жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















