Мугалимдер сентябрдын айлыгын толук алышат
Окуу жылы 15-сентябрда башталганына карабастан, мугалимдер сентябрдын айлыгын толук алышат. Бул маалыматты Агартуу министрлигинен тастыкташты.
Быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт. Мындай чечим Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (31-августтан 6-сентябрга чейин) жана ШКУга мүчө мамлекеттердин саммитинин (31-август - 1-сентябрь) жана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын (11-12-сентябрда) өткөрүлүшүнө байланыштуу кабыл алынды.
Мындан улам мектептердеги башталгыч класстар үчүн салттуу 5 күндүк окуу режими сакталат. Ал эми жогорку класстарга гана окуу жылынын ичинде кошумча 8 окуу ишембиси уюштурулат. Болжол менен айына бир гана жолу ишемби күнү сабак өтүлөт.
Быйылкы окуу жылындагы каникулдар, окуу пландарына кошулган жаңы өзгөрүүлөр тууралуу шилтемеден окуй аласыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















