super.kg logo

Роза Отунбаева эл аралык сыйлыктарды көп алган. Өлкөнү башкаргандар кандай сыйлыктарга татыган?

 

31-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкө башчы Садыр Жапаровду "Гейдар Алиев" ордени менен сыйлады. Аталган орден Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болуп саналат.

SUPER.KG порталы Кыргызстанды башкаргандардын жогорку мамлекетик сыйлыктарын тизмектейт. Алгач, учурдагы өлкө башчыга токтолсок, бир катар чет өлкөлөрдүн сыйлыктарына татыган.

  • Былтыр 22-августта Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон "Алтын Кыран" ордени менен сыйланган.
  • 2024-жылы апрель айында Жапаровго Казакстандын 1-даражадагы "Достык" ордени ыйгарылган. "Достык" ордени – коомдогу өз ара ынтымакты сактоодогу үзүрлүү эмгеги, тынчтыкты, элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу сиңирген эмгеги үчүн берилүүчү мамлекеттик жогорку сыйлык.
  • 2024-жылдын февраль айында Татарстандын "Дуслык" ордени берилген. Аталган орден – Татарстандын экинчи маанилүү мамлекеттик сыйлыгы.
  • 2023-жылы октябрда президент Орусиянын "Ардак" орденин алган. Сыйлык мамлекет башчыга эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого, ошондой эле евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн берилген.

Садыр Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктарын ала элек.

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев саясий ишмердүүлүгү жана илимге кошкон салымы үчүн бир катар сыйлыктар, орден-медалдар менен сыйланган.

  • "Знак Почёта" ордени (СССР, 1981-жыл) - илимий жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн. Бул - СССРдин мамлекеттик жарандык сыйлыгы болгон.
  • I даражадагы "Двойной белый крест" ордени (Словакия, 2003-жыл) - эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн. Бул - Словакиянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы.
  • Аскар Акаевде Кыргызстандын бир дагы мамлекеттик ордени же медалы жок.

Курманбек Бакиев өлкө башында турганда жогорку мамлекеттик сыйлыктарды ала алган эмес. Бирок эл аралык сыйлыктарга татыган.

  • "Шериктештик" ордени (КМШ парламенттер аралык ассамблеясы, 2009-жыл) — КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн.

Кыргызстандын үчүнчү президенти, дипломат жана коомдук ишмер Роза Отунбаева өзүнүн демократияны коргоо, тынчтыкты орнотуу, дипломатия жана аялдардын укуктарын колдоо багытындагы ишмердүүлүгү үчүн эл аралык деңгээлде абдан көп абройлуу сыйлыктарга жана ордендерге татыган.

  • 2012-жылы Ардактуу легион ордени менен сыйланган. Аталган сыйлык - Франциянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы.
  • 2012-жылы "Уюлдук жылдыз" орденин алган. Бул Монголиянын мамлекеттик ордени болуп саналат.
  • "Каармандыгы үчүн" эл аралык аялдар сыйлыгы Отунбаевага 2011-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан берилген. Сыйлыкты ага АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана биринчи айым Мишель Обама тапшырган.
  • "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" уюмунун сыйлыгы (АКШ, 2018-жыл) — дүйнөдө тынчтыкты курууга жана чыр-чатактарды алдын алууга кошкон зор салымы үчүн Нью-Йоркто ыйгарылган.
  • 2015жылы "Минерва" эл аралык сыйлыгын алган. Бул - аялдарга берилүүчү эл аралык кадыр-барктуу сыйлык.
  • 2019-жылы Чыгаан айымдар үчүн Кувейт мамлекеттик премиясы берилген. Бул лидер айымдарга берилүүчү абройлуу сыйлык.
Алмазбек Атамбаев башка презденттерден айырмаланып Кыргызстандын мамлекеттик ардактуу наамдарын алган. Деген менен ал соттун өкүмдөрүнүн негизинде өлкөнүн бардык жогорку улуттук мамлекеттик сыйлыктарынан жана наамдарынан ажыратылган.
  • "Кыргыз Эл баатыры"
  • II даражадагы "Манас" ордени.
  • "Данакер" ордени.
  • "Даңк" медалы.
  • 2014-жылы Казакстандын I даражадагы "Достык" ордени менен сыйланган.
  • 2016-жылы Александр Невский ордени ыйгарылган. Бул Орусиянын мамлекеттик сыйлыгы.
  • 2013-жылы Сербиянын мамлекетик ордени берилген.
  • 2013-жылы "Жаркын" ордени. Бул Грузия президентинин ордени болуп эсептелет.

Сооронбай Жээнбеков бир катар ата мекендик жогорку орден-медалдар, ошондой эле чет элдик сыйлыктар менен сыйланган.

  • III даражадагы "Манас" ордени (2015-жыл)
  • "Даңк" медалы (2011-жыл).
  • "Биринчи президент - Элбасы Нурсултан Назарбаев" ордени (Казакстан, 2019-жыл). Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: