super.kg logo

Төрт адам кармалды... Түптөн жашыруун баңгизат лабораториясы табылды

 
Ысык-Көлдүн Түп районунан жашыруун баңгизат лабораториясы табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыштуу иштин уюштуруучусу болгон 39, даярдоочу 29, 26 жана ташуучу 26 жаштагы жаран кармалды. Алар баңгизаттын кезектеги партиясын даярдап жатканда колго түшүшкөн.
Тинтүүдө жалпы салмагы 51 килограмм 200 грамм болгон баңгизат табылган. Алардын ичинен 4 килограмм 100 граммы гашиш, 7 килограмм 300 граммы гашиш майы жана 39 килограмм 600 граммы марихуана заты болгон.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

кошулду





Түптө жашыруун баңгизат лаборатория табылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.08.2026. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара куурайлардын үстүнөн дрондор менен уу дары чачып салыш керек. Түп тамыры менен жок болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: