Жайкы аллергия: Эмнеден пайда болот жана андан кантип сактануу керек?
Жай мезгили көпчүлүк үчүн эс алуу, жаратылыш койнунда сейилдөө жана жаңы мөмө-жемиштердин сезону болсо, айрымдар үчүн бул мезгил аллергия күчөгөн учур болуп саналат. Өсүмдүктөрдүн чаңчалары, курт-кумурскалардын чагуусу жана айрым азыктар аллергиялык реакцияны күчөтүп, адамдын күнүмдүк жашоосуна олуттуу тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Жайкы аллергиянын негизги себептери
Жай айларында аллергиянын эң кеңири тараган себеби – өсүмдүктөрдүн чаңчалары. Дарактар, бадалдар жана ар түрдүү чөптөр гүлдөгөндө алардын чаңчалары абага тарап, дем алуу аркылуу организмге кирет. Иммундук система бул заттарды коркунуч катары кабыл алып, аларга каршы күрөшө баштайт. Натыйжада организмде гистамин бөлүнүп чыгып, аллергиянын белгилери пайда болот.
Шаарларда абанын булганышы да көйгөйдү күчөтөт. Автоунаалардан чыккан зыяндуу заттар чаңчаларга жабышып, алардын аллергиялык таасирин күчөтүшү мүмкүн.
Кайсы өсүмдүктөр көбүрөөк аллергия жаратат?
Аллергияны көбүнчө төмөнкү өсүмдүктөрдүн чаңчалары козгойт:
- эрмен;
- амброзия;
- кара куурай;
- ала бата;
- кара кыяк;
- шор күйрөк;
- буудайык.
Белгилери кандай?
Жайкы аллергиянын белгилери сасык тумоого окшош болушу мүмкүн. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- мурундун бүтүшү же суу агышы;
- бат-баттан чүчкүрүү;
- көздүн кызарышы жана жаш агышы;
- көздүн, мурундун жана кулактын кычышуусу;
- жөтөл;
- баш оору;
- айрым учурда териде бүдүрлөрдүн пайда болушу.
Курт-кумурскалар да коркунуч жаратат
Жайында аары сыяктуу курт-кумурскалардын чагуусу айрым адамдарда катуу аллергиялык реакцияга алып келиши мүмкүн. Эң кооптуу абал – анафилактикалык шок. Анда адамдын дем алуусу кыйындап, денеси шишип, өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө, өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн.
Кайсы азыктар аллергия чакырышы мүмкүн?
Айрым азыктар жылдын бардык мезгилинде эле аллергия жаратат. Бирок жайында алардын көпчүлүгү кеңири колдонулгандыктан, реакциялар көбүрөөк кездешет.
Аллергия жаратышы мүмкүн болгон азыктар:
- кулпунай;
- коон;
- дан куурай;
- бал;
- лимон;
- ананас;
- апельсин;
- шоколад;
- жумуртка;
- сүт жана сыр;
- помидор;
- жаңгак;
- балык;
- болгар калемпири.
Айрым учурларда мындай аллергия Квинке шишигине же бөрү жатышка алып келип, дем алуу кыйындашы мүмкүн.

Диагноз кантип коюлат?
Аллергиянын себебин аныктоо үчүн дарыгер атайын аллергиялык тесттерди жүргүзөт. Алардын ичинде териге тест жасоо жана кандын анализи бар. Бул изилдөөлөр кайсы аллерген организмде реакция жаратып жатканын аныктоого жардам берет.
Дарылоо
Аллергияны өз алдынча дарылоо сунушталбайт. Дарылоо оорунун түрүнө жараша дайындалат. Көбүнчө антигистаминдик дары-дармектер колдонулат. Зарыл учурда дарыгер шишикти басаңдатуучу жана башка кошумча дарыларды жазып берет.
Дарыланбай жүрө берүү аллергиянын күчөшүнө, бронхитке, ал эми кийинчерээк бронхиалдык астмага өтүшүнө себеп болушу мүмкүн.
Аллергиядан кантип сактанса болот?
- Өсүмдүктөр көп гүлдөп жаткан учурда мүмкүн болушунча сыртта көп жүрбөөгө аракет кылыңыз.
- Үйгө келгенден кийин бет-колду жууп, кийимди алмаштырыңыз.
- Терезелерди чаңча көп учурларда жабык кармаңыз.
- Бөлмөнү нымдуу тазалап, чаңды үзгүлтүксүз сүртүңүз.
- Аллергия козгой турган азыктардан убактылуу баш тартыңыз.
- Белгилер күчөп же дем алуу кыйындаса, дароо медициналык жардамга кайрылыңыз.
Жайкы аллергияны көз жаздымда калтырбоо маанилүү. Белгилери жеңил көрүнгөнү менен, өз убагында аныкталып, туура дарыланбаса оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошондуктан аллергиянын алгачкы белгилери байкалганда сөзсүз адиске кайрылуу сунушталат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















