super.kg logo

Орусиядан 39 бала Кыргызстанга кайтарылды

 

2024-2025-жылдары Орусиядан мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган 39 бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодо" өткөн Улуттук кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы билдирди.

Анын айтымында, кайтарылган балдардын бир бөлүгү биологиялык ата-энелерине өткөрүлүп берилсе, калгандары асыроочу үй-бүлөлөргө жайгаштырылган.

Тактап айтканда, 2024-жылы Орусиядан 21 бала мекенине кайтарылып, алардын 16сы биологиялык ата-энесине берилген, ал эми 5 бала асыроого жайгаштырылган. 2025-жылы дагы 18 бала Кыргызстанга алынып келинип, алардын 14ү биологиялык ата-энесине өткөрүлүп берилсе, 4 бала асыроого берилген.

Ошондой эле кайтарылган бардык балдар социалдык жана психологиялык реабилитациядан өткөрүлүп, тиешелүү маалымат базасына каттала турганы белгиленди.

Министрдин орун басарынын маалыматына ылайык, бул иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 2 миллион сом бөлүнүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: