Ынтымак Ордодо Улуттук кеңештин жыйыны өттү
Бүгүн, 31-июлда Ынтымак Ордодо Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өттү.
Жыйынга кеңештин 34 мүчөсү катышып, Кыргызстандын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын жетекчилиги алдында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр чогулду.
Жыйындын күн тартибинде чет өлкөлөрдөн репатриацияланган балдардын укуктарын коргоо жана аларга камкордук көрүү, балдардын адеп-ахлактык тарбиясы, өлкөдөгү аял лидерлерди өнүктүрүү программасы, ошондой эле социалдык контрактты ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү аткарылган иштер боюнча маалымат берип, бир катар сунуштарын ортого салышты.
Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын айтымында, талкууда социалдык контрактты ишке ашыруунун методологиясын өркүндөтүү, жарандардын психологиялык саламаттыгына көбүрөөк көңүл буруу жана бардык жарандарга бирдей мамиле жасоо маселелерине өзгөчө басым жасалды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















