super.kg logo

Ысык-Көлдө Борбордук Азия лидерлеринин катышуусу менен беш жылдыздуу мейманкана ачылды

 

Бүгүн, 31-июлда президент Садыр Жапаров Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары менен бирге Ысык-Көлдүн жээгиндеги Baku Resort & Spa беш жылдыздуу мейманканасынын расмий ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары комплекстин негизги инфраструктуралык объектилери менен таанышып, мейманкананын мүмкүнчүлүктөрүн, конокторду кабыл алуу шарттарын жана ишкердик, маданий жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларын өткөрүү үчүн түзүлгөн жайларын көрүштү.

Долбоор кыргыз-азербайжан инвестициялык кызматташтыгынын негизинде ишке ашырылып, Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестиция тартууга жана эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын бекемдөөгө багытталган.

Baku Resort & Spa — Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан заманбап беш жылдыздуу курорттук комплекс. Анын курамына мейманкана, коттедждер, конгресс-холл, ден соолукту чыңдоо борбору, спорттук жана көңүл ачуучу жайлар, ошондой эле көрктөндүрүлгөн жээк аймагы кирет. Комплекс жыл бою туристтерди кабыл алууга жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: