Threads’теги жарыялар үчүн жаранга кылмыш иши козголду
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармак аркылуу улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган материалдарды тараткан деп шектелген жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жараны, 1991-жылы туулган Ш.М.А. кармалган.
Тергөөдө аныкталгандай, шектүү Threads социалдык тармагынын колдонуучусу болуп, системдүү түрдө улуттук, этникалык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган, жарандардын ар-намысын улутуна карап кемсинткен жана коомдо терс маанай жаратуучу материалдарды жарыялап келген.
Анын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө электрондук маалымат сактагычтар, байланыш каражаттары жана иш үчүн маанилүү болгон башка буюмдар алынган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.
УКМК маалымдагандай, кармалган жаран сурак учурунда буга чейин аныкталган мыйзамсыз мазмундагы билдирүүлөргө тиешеси бар экенин моюнга алган.
Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.
УКМК интернет аркылуу да улуттар аралык, этностук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган материалдарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















