ФИФАнын жогорку кеңешчиси Инфантинонун пландарынан улам кызматтан кетти
ФИФАнын улук кеңешчиси Кордейро уюмдун президенти Жанни Инфантинонун пландарына каршы экенин билдирип, кызматынан кеткенин журналист Бен Жейкобс маалымдады.
Маалыматка ылайык, Кордейро Дүйнө чемпиондугунун укуктарын жеке инвесторлорго сатуу планына макул болбогондуктан кызматын таштаган.
Ошондой эле билдирүүдө Инфантино акыркы убакта өзүнүн эң жакын чөйрөсүнүн арасында да колдоосун жогото баштаганы айтылат.
ФИФА бул маалымат боюнча расмий комментарий бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















