Депутат: “Майыптыгы бар аялдардын укугун коргоо - мамлекеттин негизги милдети”
31-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо, гендердик басмырлоонун жана зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча аймактык консультациялар өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин адам укуктары боюнча улуттук кеңешчиси Инна Рахманова жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Ачылыш сөзүндө депутат майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо, алардын коопсуздугун жана тең мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш гендердик зомбулуктун алдын алуу жана укуктук механизмдерди күчөтүү багытында мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүп жатат.
Жыйындын жүрүшүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар айтылып, сурдокотормо кызматын өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
Иш-чаранын соңунда көтөрүлгөн сунуштарды мыйзам чыгаруу процессинде эске алуу жана иш жүзүндө колдонуу зарылдыгы белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















