Орусиядан Кыргызстанга азык-түлүк келе жатат
Орусиядан Кыргызстанга азык-түлүк жардамынын кезектеги партиясы келе жатат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, 31-июлда Орусия тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөлүк азык-түлүк программасына жалпы көлөмү 1 957,3 тонна азык-түлүк жеткирилген. Анын ичинде 1 755 тонна буудай уну жана 202,3 тонна өсүмдүк майы бар.
Аталган азык-түлүк жардамы Эмгек министрлиги менен БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен долбоорлорунун алкагында өлкө боюнча 5850дөн ашык аялуу үй-бүлөнү колдоого багытталат.
"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мамлекеттик санариптик базасына кирген үй-бүлөлөр Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу акчалай төлөмдөрдү алышат.
Мындан тышкары, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жамааттардын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга багытталган коомдук пайдалуу долбоорлорго катышканы үчүн БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 300 килограмм байытылган буудай уну жана 30 литр өсүмдүк майы берилет",- деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















