Бишкекте ШКУ саммитине карата кандай даярдыктар көрүлүп жатат?
Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата даярдыктар жүрүп жатат.
Калаа мэриясы кабарлагандай, "Манас" эл аралык аэропортунда 1,5 чакырым болгон альтернативдүү жол салынып, ошондой эле 600гө жакын унаа токтотуучу кошумча орундар уюштурулган.
Манас проспекти боюнча айланма жолду уюштуруу иштери уланууда. Бул жерде ошондой эле илбирс эстелигин орнотуу пландалган.
"Манас" эл аралык аэропортунан "Аска-Таш" комплексине чейинки тилкеде сырткы жарыктандыруу иштери аяктаган.
Даярдыктын алкагында Манас көчөсү (мурдагы аталышы Васильевский тракт) – Түндүк айланма жол жана Манас – Дача-Суу унаа жолдорунун кесилишиндеги эки жол өтмөгү реконструкциялаган.
Ошондой эле Абдрахманов – Лев Толстой жана Манас проспекти– Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол өтмөктөрдү реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы фонтан куруу, Абдрахманов жана Москова көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Алтын балыктар" фонтанын реконструкциялоо иштери улантылууда.
Манас көчөсү боюнча жалпы узундугу 23 чакырымга жакын жолдун асфальт төшөлмөсү жаңыртылууда.
Мындан тышкары, жалпы аянты 15 миң чарчы метр болгон газон төшөө каралган жаңы сквердин курулушу жүрүп жатат.
Мэр Айбек Жунушалиев саммитке даярдык көрүүнүн алкагында калаада сырткы жарыктандыруу тутумдары, имараттардын фасады, аялдама комплекстери, жол инфраструктурасы жана жашыл аймактар жаңыртылып жатканын билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















