super.kg logo

Бишкекте ири өлчөмдө акча талап кылган жалган милиционер кармалды (видео)

 

Бишкекте өзүн ички иштер министрлигинин кызматкери катары тааныштырып, ири өлчөмдө акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалымдалгандай, аталган жаран М.Н. аттуу жаранды коркутуп, ай сайын 5 миң доллар акча берүүнү талап кылган. Жабырлануучу шектүүгө накталай түрдө 150 миң сом берип, банктык эсептерге дагы 70 миң сом которгон. Бирок буга карабастан, шектүү кошумча 200 миң сом талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Ири өлчөмдө пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада жабырлануучу 21 миң сом берип жаткан учурда 1993-жылы туулган Ж.С. аттуу шектүү кармалган.

Шектүүнү тинтүү учурунда Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүнүн офицеринин (прапорщик) кызматтык күбөлүгү табылган. Ал МТКВ бөлүмүндө улук айдоочу кызматында аскердик кызмат өтөп келген. Ошондой эле УКМКнын 9-кызматынын прапорщик наамындагы жасалма кызматтык күбөлүгү да алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.






Бишкекте ири өлчөмдө акча талап кылган жалган милиционер кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: