Месси Аргентина курамасындагы карьерасын 2028-жылы жыйынтыктайт
Аргентинанын улуттук курамасынын капитаны Лионель Месси 2028-жылы өтө турган Америка Кубогунан кийин курамадагы карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн. Бул тууралуу журналист Фран Касаретто жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 2028-жылкы турнир Мессинин Аргентина курамасы менен катышкан акыркы мелдеши болот. Ошол учурда сегиз жолку «Алтын топтун» ээси 41 жашка чыккан болот.
Месси Аргентина курамасынын тарыхындагы эң мыкты футболчулардын бири болуп эсептелет. Ал команда менен 2021 жана 2024-жылдары Америка Кубогун, 2022-жылы дүйнө чемпиондугун, ошондой эле 2022-жылы Финалиссиманы жеңип алган. Мындан тышкары, ал улуттук кураманын тарыхындагы эң көп оюн өткөргөн жана эң көп гол жараткан футболчу болуп саналат.
Белгилей кетсек, азырынча Месси же Аргентина футбол ассоциациясы бул маалымат боюнча расмий билдирүү жасай элек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















