Июлда "Бала ырысы" жөлөк пулу 191 миңден ашык балага дайындалды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги июль айында "Бала ырысы" жөлөк пулу 191 796 балага дайындалганын маалымдады.
5-августта министрлик жөлөк пулду төлөп берүү үчүн 235,7 миллион сом каржылады.
Өз кезегинде коммерциялык банктар жөлөк пулду алуучулардын эсептерине акча каражаттарын которууну башташат.
Эске салсак, ушул жылдын 1-июлунан тартып "Бала ырысы" жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















