Мындан 5 жыл мурун Месси “Барселона” менен кош айтышкан
Мындан туура 5 жыл мурун, 2021-жылдын 5-августунда Леонель Месси 21 жылдан бери өкүлү болуп келген "Барселона" футболдук клубунан кетерин расмий жарыялаган. Бул кабар футбол дүйнөсүндө чоң резонанс жаратып, күйөрмандар үчүн эң оор күндөрдүн бири болуп калган.
Месси менен клуб жаңы келишим боюнча макулдашууга жетишкени менен, Ла Лиганын каржылык эрежелери жана “Барселонанын” ири карызы себеп болуп, келишимди каттоого мүмкүн болгон эмес. Натыйжада аргентиналык легенда клубдан кетүүгө аргасыз болгон.
Месси “Барселонанын” негизги курамында 778 оюн өткөрүп, 672 гол киргизген, 305 голдук пас берген жана 35 трофей уткан. Ал клубдун тарыхындагы эң көп гол киргизген жана эң көп оюн өткөргөн футболчу бойдон калууда. Анын көз жаш менен коштолгон маалымат жыйыны футбол тарыхындагы эң эмоционалдуу учурлардын бири катары эсте калды.
Месси
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















