Аксынын Кара-Булак айылында жаңы мектеп курулду
Аксы районунун Кара-Булак айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулду. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 99 миллион сомду түздү.
Мектептин курулушу былтыр июль айында башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имараттын курулушу толугу менен аяктап, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1281 чарчы метрди түзгөн заманбап мектеп курулду. Анда окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгек кабинеттер, дарыгердин бөлмөсү жана бардык шарттары менен жабдылган спорт залы каралган.
Курулуш министрлиги билдиргендей, мектепти жаңы окуу жылынын башталышында пайдаланууга берүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:46
2026-08-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















