Эвандер Холифилд борбордук мечитте жума намазга катышты (видео)
Дүйнөнүн бокс боюнча абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд Бишкек шааарындагы борбордук мечитте жума намазга катышты. Бул тууралуу видеону күбөлөр жарыялашты.
Видеодон мушкерди Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов баштаган бир топ адамдар коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.
Жергиликтүү басылмалар видео өткөн айдын башында Холифилд Бишкекте өткөн бокс кечесине келгенде тартылганын жазышты.
Эске салсак, Холифилд Бишкекте өткөн эл аралык профессионалдык бокс кечинин ардактуу коногу болгон. Ал өлкөгө 30-июнда келген.
Эвандер Холифилд борбордук мечитте жума намазга катышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















