“Барселона” Родри үчүн күрөшкө кошулду
Испаниянын "Барселона" клубу Англиянын "Манчестер Сити" командасынын жарым коргоочусу, Испаниянын улуттук курамасынын капитаны Родрини сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу The Athletic басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, каталониялык клуб футболчунун өкүлдөрү менен да жеке келишимдин шарттарын талкуулаган. Бирок бул трансферди ишке ашыруу үчүн "Барселона" айрым оюнчуларын сатып, клубдун каржылык абалын жакшыртышы керек.
Буга чейин, июль айында Родринин Мадриддин "Реалы" менен келишимдин шарттарын макулдашканы тууралуу маалымат тараган.
Эске салсак, 30 жаштагы Родри Испаниянын курамында 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугун жеңди. Турнирдин жыйынтыгында ал эң мыкты оюнчу катары "Алтын топ" сыйлыгына ээ болгон. Ал эми 2024-жылы Испаниянын Европа чемпиондугундагы жеңишинде да мелдештин мыкты оюнчусу деп табылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















