super.kg logo

Өлкөдө 7000 метрден бийик чокуларга чыгуу үчүн талаптар киргизилди

 

Өлкөдөгү 7000 метрден бийик чокуларга чыгуу үчүн талаптар киргизилгенин туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов биздин порталга билдирди.

Ал белгилегендей, киргизилген талаптар быйылкы жылдан баштап Жеңиш чокусуна, кийинки жылдан баштап Ленин жана Хан-Теңири чокуларына тиешелүү болот.

Эми альпинисттин тик учакты жана куткаруу иштерин колдонууну камтыган эл аралык же жергиликтүү камсыздандыруусу болушу шарт. Ошондой эле анын альпинизмдеги тажрыйбасы каралат. Ал экспедиция, маршрут жөнүндө маалымат берүүгө тийиш. Акырында эксперттерден турган топ талапкерлердин чокуга чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечимди кабыл алат. Альпинизмге сертификат Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: