Азымбакиев дагы бир кызматка дайындалды
Муратбек Азымбакиев өлкөнүн Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын администрациясы кабарлады.
Айта кетсек, ал 3 күн мурун өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп бекиген. Буга чейин аталган кызматтарды Омар Султанов аркалап келген. Ал өлкөнүн Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп кетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















