ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын жыйынында бир катар документтерге кол коюлду
Чолпон-Атада 7-августта өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Министрлер кабинети документтердин тизмесин жарыялады:
- "Евразия экономикалык комиссиясынын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө 2025-жылга карата жылдык баяндамасы жөнүндө" тескеме;
- Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлар менен электрондук соода кылуу жөнүндө макулдашуу;
- Евразия экономикалык биримдигине мүчө бир мамлекеттин брокерлеринин жана дилерлеринин мүчө башка мамлекеттердин биржаларындагы (соода уюштуруучуларындагы) уюштурулган соодага катышуусуна жол берүү жөнүндө макулдашуу;
- Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин чегинде окумуштуулук наамдарды ырастаган документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
- "Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлоруна жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата жөнгө салуучулук таасирди баалоо жол-жоболорун жүргүзүүгө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле 2024–2025-жылдары Евразия экономикалык комиссиясынын кабыл алынган чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын отчёту жөнүндө" тескеме;
- "Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын убактысы жана өткөрүлүүчү жери жөнүндө" тескеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















