Саадат Асылбекова "Дүйнө сулуусу" сынагына катышуу үчүн Вьетнамга жөнөп кетти

75-эл аралык "Дүйнө сулуусу-2026" сынагына быйыл Кыргызстандын атынан Саадат Асылбекова катышат. Ал сынакка катышуу үчүн Вьетнамга жөнөп кетти.
"Кыргызстан сулуусу" улуттук сулуулар сынагынын дирекциясы билдиргендей, сынак Вьетнамда 9-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Бул жылы иш-чарага 120дан көп өлкөнүн өкүлдөрү чогулушат. Бир ай аралыгында катышуучулар сынактын бир нече этаптарынан өтүшөт.
Сынактын финалдык туру 5-сентябрда Вьетнамдын Хошимин шаарында орун алат.

Эске салсак, былтыр "Дүйнө сулуусу-2025" сынагына Кыргызстандын атынан "Кыргызстан сулуусу-2025" наамынын ээси Айжан Чаначева катышкан. Ал Индиянын Хайдарабад шаарында өтүп, анда 132 өлкөдөн барган 108 өкүл чогулган.
2025-жылы "Дүйнө сулуусу" таажысы 21 жаштагы таиланддык модель Сучата Чуангсриге буюрган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















