super.kg logo

Лионель Мессинин атасы Хорхе Месси каза болду

 

Лионель Мессинин атасы жана көп жылдык агенти Хорхе Месси каза болду. Ал 68 жашта эле.

Хорхе Месси уулун «Барселонага» алып барып, анын келишимдерин жүргүзүп, карьерасындагы эң оор учурларда да дайыма жанында болгон.

Ишемби күнү Росарио шаарында 69 жаш курагында Хорхе Месси дүйнөдөн кайтты. Анын өлүмүнүн себеби азырынча так айтылган жок. Бирок акыркы айларда оор илдет менен күрөшүп келгени белгилүү.

Дал Хорхе Месси 2000-жылдардын башында өспүрүм Лионелди «Барселонанын» кароосуна алып барган. Ошол сыноодон кийин Месси каталондук клубдун дүйнөгө белгилүү футболчуларды тарбиялаган «Ла Масия» академиясына жолдомо алган.

Хорхе Месси уулунун карьерасында маанилүү роль ойногон. Ал кезде 13 жаштагы Лионелдин өсүү гормондору менен дарылануусуна кеткен чыгымдарды «Барселона» клубу төлөп бериши үчүн клубдун жетекчилиги менен сүйлөшкөн. Каталондук клубдун бул чечими кийин футбол тарыхын өзгөрткөн маанилүү кадамдардын бири болуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: