super.kg logo

Чүй милициясы: "Соцтармакта тараган маалымат чындыкка дал келбейт"

 
Социалдык тармактардагы "Кеминде "Алтынкен" ЖЧКсынын посту аркылуу жарандардын өтүүсүнө чектөө коюлуп жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, аталган жол жалпы пайдалануудагы жол болуп саналат.
"Алтынкен" ЖЧКсынын посту аркылуу жарандардын жөө өтүүсүнө жана транспорт каражаттары менен жүрүүсүнө жалпы чектөө коюлган эмес. Жарандар белгиленген тартипте сутканын каалаган убагында аталган жол аркылуу тоскоолдуксуз өтүп-каттай алышат",- дешти милициядан.
Милиция социалдык тармакта тараган билдирүүгө кошумча түшүндүрмө берип, төмөнкүлөрдү билдирди.
"5-августта эртең менен "Алтынкен" ЖЧКсынын посту аркылуу көк бөрү ат оюнуна катышкан бардык оюнчулар тоскоолдуксуз өтүп, оюн өткөрүлүүчү Ок-Торкой жайытына барышкан. Оюн аяктагандан кийин айрым катышуучулар оюн учурунда колдонулган улак менен жалпы пайдалануудагы жол аркылуу өтүүгө аракет кылышкан.
Көк бөрү экстремалдык мүнөздөгү ат оюну болгондуктан, жол боюндагы өндүрүштүк объекттердин мүлкүнө зыян келтирбөө жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлгөн.
Оюндар аяктагандан кийин бардык катышуучулар "Алтынкен" ЖЧКсынын посту аркылуу жалпы пайдалануудагы жол менен тоскоолдуксуз өтүп кетишкен. Жарандардын пост аркылуу өтүүсүнө же аталган жолду пайдаланууга жалпы чектөө киргизилген эмес",- деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: