Индиянын премьер-министри Instagram’да рекорд койду
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Instagram социалдык тармагында эң көп көрүлгөн видеолордун бирине автор болуп, дүйнөлүк рекорд жаратты. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Моди 24-июлда жаш муундун көйгөйлөрү тууралуу айтып жаткан видеосун жарыялаган. Видео Индияда жаштардын нааразычылык акциялары өтүп жаткан маалга туш келген.
Бир сутка ичинде ролик 303 миллион жолу көрүлүп, рекорд койгон. Ал эми 8-августка карата видеонун көрүүлөрү 416 миллионго жетти.
Белгилей кетсек, cоциалдык тармактар аркылуу жаштар арасында популярдуулукка жеткен саясатчылардын катарына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да кирет. Анын музыка угуп, тамактанып, барабанда ойногон кыска видеолору интернетте миллиондогон көрүүлөрдү топтоп, мемдерге айланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















