Таиландда 19 жаштагы орусиялык кыз сабалган абалда табылды
Кечээ, 9-августта Таиланддын Месай шаарында 19 жаштагы орусиялык кыз оор жаракаттар менен соода борборунун унаа токтотуучу жайынан табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Маалыматка караганда, кыз алгач Кытайга иштегени барып, кийин Таиландга келген. Андан соң Мьянманын Янгон жана Тхачилек шаарларына жеткирилген. Полициянын версиясы боюнча, кызды интернет аркылуу жогорку айлык акы сунуштап, Түштүк-Чыгыш Азияга азгырышкан. Кийин ал алардын талабын аткаруудан баш тартканда сабалган болушу мүмкүн.
Ошол эле учурда North Now басылмасы кыз Мьянмадан Таиландга качып өтүп, жергиликтүү тургундардан жардам сураганын жазды. Окуя боюнча териштирүү жүрүүдө.
Эске салсак, буга чейин Таиландда 22 жаштагы орусиялык Диана Назимова жана анын 17 жаштагы иниси Роман киши колдуу өлтүрүлгөн. Алардын сөөгү 6-августта туугандарына өткөрүлүп берилип, Бангкокто коштошуу аземи өткөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















