ШКУ саммитине саналуу күндөр калды. Бишкек кандай өзгөрүүдө? (сүрөттөр, видео)
Жакынкы күндөрү Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги бир нече маанилүү иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Алардын бири 31-август 1-сентябрда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити. Быйылкы жыйынга Кыргызстан төрагалык кылып, өлкөбүзгө дүйнөнүн ар кайсы бурчунан жогорку даражалуу коноктор чогулат.
ШКУ деген эмне?
Алгач бул кандай уюм, ушул тууралуу токтоло кетсек. 1996-жылы Шанхайда Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрүнүн башчылары "Чек ара аймактарда аскер ишенимин тереңдетүү боюнча макулдашууга" кол коюп "Шанхай бешилтиги" түзүлгөн. Мунун алкагында Кытай чек ара маселелерин Борбордук Азия мамлекеттери менен чече алган. Кийинчерээк Өзбекстан мамлекети кошулуп, 2001-жылы Шанхай Кызматташтык Уюму болуп түзүлгөн. Бүгүнкү күндө уюм чек ара маселелерине гана токтолбостон, эл аралык коопсуздук, экономикалык-саясий диалог, соода, гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюмдардын бири болуп саналат. Учурда уюмга 10 мамлекет мүчөлүк кылат. Алар: Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Иран, Беларусь өлкөлөрү, ошондой эле өнөктөш жана байкоочу мамлекеттер бар.
Буга чейин аталган саммит Кыргызстанда 3 жолу 2007, 2013 жана 2019-жылдары өткөрүлгөн. Быйыл Бишкек бул ири масштабдагы иш-чараны төртүнчү жолу кабыл алып, уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат. Алдыда өтө турчу Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине жалпысынан 21 мамлекеттин башчылары катышары күтүлүүдө.
Ири масштабдагы иш-чарага шаар кандай өзгөрүүдө?
Ага карата борбор калаабызда болуп көрбөгөндөй кызуу даярдык жүрүүдө. А түгүл президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 30–31-август жана 1-сентябрь күндөрү тургундарды убактылуу шаардын чыгып турууга чакырды.
Шаардын негизги көчөлөрү жаңыланып, имараттар фасаддар бирдиктүү дизайнга келтирилип, жашылданып, көптөн бери каралбай келген объекттер жаңыланууда. Борбор калаабыздагы бул өзгөрүүлөрдү сүрөткө тартып, даярдык иштерине көз чаптырдык.
Элибизде "Эшигин көрүп, төрүнө өт" деген сөз бар. Ушул сыяктуу эле жогорку даражалуу конокторду тосуп алуу үчүн даярдык "Манас" эл аралык аэропортун жаңылоодон башталды. Бул иштердин алкагында терминал 20 миң чарчы метрге кеңейтилип, учуу-конуу тилкеси капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүрүүдө.
Мындан тышкары унаа токтотуучу жай менен аэропорттун терминалынын ортосунда жабык жөө адамдар өтүүчү жол курулат. Аэропорттон Бишкек шаарына карай жолдор оңдолуп, жол жээгиндеги үйлөргө тосмолор орнотулууда.
Бул иштер шаар ичиндеги негизги жолдорду реконструкциялоо, имараттардын фасаддарын бирдиктүү дизайн менен реставрациялоо иштери менен уланууда. Чүй проспекти - Бейшеналиев көчөсүнөн баштап жол жээгиндеги имараттар ачык түстөргө боёлуп, балкондору жаңыланып, кондиционерлер атайын жабдуулар менен тосулууда.
Жаш Гвардия бульвары да бул жаңылануудан кем калбай, арыктар оңдолуп, таман таштар жаңыланууда. Жибек-Жолу проспектисинде да жол оңдоо иштери кызуу жүрүп жатканына күбө болдук.
Ошондой эле борбор калаабыздагы өңү-түсүн жоготкон бир катар объекттер, имараттар сырдалып, шаарыбызга көрк кошууда. Алардын ичинен Улуттук илимдер академиясынын маңдайында жайгашкан "Атомдун планетардык моделинин", Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын сырдоо иштерине көз чаптырдык.
"Улут аталары" скульптуралык композициясына да боёк берилип, паркта скульптураны тегерете таман таштар коюлуп, шаар тургундары үчүн оргумалар отургучтар орнотулуп, жэаңыланганын көрүүгө болот. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин маңдайындагы оргумалар да оңдолуп, кайрадан ишке берилген.
Андан ары жолубузду Манас проспектиси менен уладык. Бул жактан да имараттар бирдиктүү дизайн менен фасаддары реставрацияланып жатканына күбө болдук. Көчө бойлой гүлдөр эгилип, суу чачылып, көрктөндүрү иштери кызуу жүрүүдө. Жолду бойлой бассаң жөө өтмөктөрдө, унаа жолдорунда автовышкалар, крандар турат, ремонт иштери. Башка өлкөдөн келген жаран жаңы шаар салынып жатат деген ойго батуусу мүмкүн.
Манас проспекти – Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол өтмөктү реконструкциялоо иштери аяктоо алдында турат. Жол өтмөк көркүнө чыгып, ак боз түстөгү фасаддар менен жаңыланып калыптыр. Мурунку караңгы өтмөктөр жок жарыктар коюлуп, кызыл тустөгү фасаддар менен оңдолгон.
Айтматов проспектиси менен улай жаңы көчө чырактары, камералар коюлган, велосипед тилкелери чийилүүдө. Манас кинотеатрынын имараты реконструкцияланып, жаңыланууда. Ахунбаев көчөсүнөн жогору жарык мамылары асма шамдарга алмашып, жөө өтмөктөр оңдолуп көрктөндүрүү иштери башталган.
Даярдык иштеринин жүрүшүндө Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде түстүү жана музыканын коштоосунда жаңы оргума курулган. Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Алтын балыктар" оргумасы да реконструкцияланды. Оргумалдардын жанына отургучутар коюлуп, жайдын аптаптуу күнүндө шаар тургундары жакындары менен келип эс алууда.
Мындай реконструкциядан кийин имараттар күндүзү гана кооз көрүнбөстөн, атайын жарыктар коюлуп, түнкүсүн да шаар кооздукка бөлөнүп жатат.
Айта кетсек, көп кабаттуу имраттардын көчө тарапка караган дубалдары гана оңдолууда. Бул боюнча Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Ачык кабинет" долбоорунда көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары, балкондору жана короодогу мүлктөр жарандардын жеке менчиги экенин белгилеген.
Алдыдагы эл аралык саммит Бишкектин өзгөрүшүнө жакшы түрткү болгону менен шаар тургундары мындай өзгөрүүлөр майрамдык иш-чара менен гана чектелбестен, чет жактагы конуштарга, көчөлөргө чейин уланат деген үмүттө. Анткени шаарыбыздын чыныгы жүзү борбор калаабызда гана эмес, анын ар бир көчөсүндө.
ШКУ саммитине саналуу күндөр калды. Бишкек кандай өзгөрүүдө?
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

































































