Месси атасынын тажиясында үй-бүлөсүн жашыруун сүрөткө тарткан журналисттерди сотко бермекчи
Футбол жылдызы Лионель Месси атасын акыркы сапарга узатуу аземинде үй-бүлөсүн жашыруун сүрөткө тарткан журналисттерди сотко берүүгө ниеттенүүдө.
Айрым журналисттер Мессинин үй-бүлөсүнүн кайгыга баткан учурун жашыруун сүрөткө тартуу үчүн бак-дарактардын артына жашынышкан. Бул тууралуу журналист Фран Касаретто жазды.
Анын айтымында, айрым басылмалар уруксат берилбеген аракеттерге барып, футболчунун жакындарын атасынын сөөгүн узатуу аземинде сүрөткө тартышкан.
Лионель Месси бул окуяга байланыштуу журналисттерди сотко берүүнү көздөөдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















