Бишкекте бейбаштык беренеси боюнча өспүрүм балдар кармалышты (видео)
Бишкек шаарында бейбаштык кылмышын жасоого шектелип өспүрүм балдар кармалышты.Свердлов райондук милициясы маалымдагандай, 7-августта Дордой конушунун көчөлөрүнүн биринде белгисиз адамдар Н.К. аттуу жарандын денесине жаракат келтирип, окуя болгон жерден из жашырышкан.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2008-жылы туулган И.А., А.Т., 2007-жылы туулган А.М., А.Э., 2006-жылы туулган А.А., А.М. кармалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.
Бишкекте бейбаштык беренеси боюнча өспүрүм балдар кармалышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:23
2026-08-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















