УЕФА, КОНКАКАФ жана Азия конфедерациясы Инфантинонун ишмердүүлүгүн иликтөөнү талап кылууда
УЕФА, КОНКАКАФ жана Азия футбол конфедерациясы ФИФАнын президенти Жанни Инфантинонун дарегине байланыштуу иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты.
Маалыматка караганда, конфедерациялар Инфантино ФИФАнын башка кеңеш мүчөлөрү менен кеңешпестен, дүйнө чемпиондугунун үлүштөрүн жеке адамдарга сатуу аракетин жасап, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен деп эсептешүүдө.
Ошондой эле алар Инфантиного кызматтан өз ыктыяры менен кетүү үчүн акыркы мүмкүнчүлүк берилип, март айында өтө турган шайлоого талапкерлигин койбоону сунушташканын билдиришти.
Эгер Инфантино бул талаптан баш тартса, конфедерациялар ФИФАнын алдында өтүүчү бардык мелдештерге бойкот жарыялашы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:21
2026-08-11
20:51
2026-08-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















