Кара-Балтада мушташкан жигиттер милицияга жеткирилди
Кара-Балта шаарында жаштардын ортосунда мушташ чыгып, 10го жакын жигит милицияга жеткирилди. Бул тууралуу 11-августта Чүй облустук милициясы билдирди.
Милицияга 8-августка караган түнү Береговая көчөсүндө жаштардын топтолуп, мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Анда 17 жаштан 20 жашка чейинки жаштардын өз ара мушташып жаткандыгы аныкталган. Окуяга тиешеси бар 10го жакын жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:23
2026-08-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















