Жеки Чан Азербайжандагы тасма тартуу иштери тууралуу айтып берди
Кечээ, 10-августта белгилүү актёр Жеки Чан "Кудайдын сооту: Ультиматум" тасмасынын Азербайжандагы тартуу иштерине катышып, аталган өлкөдө биринчи жолу кино тартып жатканын айтты. Бул тууралуу Азербайжандын Кино агенттиги чет өлкөлүк маалымат каражаттарына билдирген.
Жеки Чан Азербайжанда биринчи жолу тасмага тартылып жатканын белгилеп: "Мурда эч качан тасма тартпаган өлкөдө иштөө мени өзгөчө толкундантат",- деген.
Эскерте кетсек, тасманын буга чейинки эпизоддору Казакстанда тартылып, бул өлкөнүн кино тармагы үчүн чоң жетишкендик болуп калды.
Бакудагы тартуу иштери 2026-жылдын күз айларына чейин уланат. Фильмдин бет ачары 2027-жылга пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















