Болот Ибрагимов Октябрь районунун акиминин сүрөтү менен шаар кыдырды. Эмнеге? (видео)
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Бишкектеги райондук көйгөйлөрдү өзгөчө ыкма менен жеринде көрсөттү.
Ал Октябрь район акими Жолдош Чуштуков сүрөтү түшүрүлгөн макетти көтөрүп алып шаарды кыдырып, жөө жүргүнчүлөр үчүн түзүлгөн шарттарга жана шаардык инфраструктурага көңүл бурду.
"Мен ар дайым эле акимди сүйрөп жүрө албайм",- деп билдирүү калтырды вице-спикер.
Буга чейин Ибрагимов аталган аймактын башчысын издеп жүргөндүгүн билдирген.
Болот Ибрагимов Октябрь районунун акиминин сүрөтү менен шаар кыдырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















