АКШда каза тапкан Нуржигит Капарбековдун сөөгүн алып келүүгө кыргызстандыктар акча чогултууда
АКШда каза тапкан кыргызстандык Нуржигит Капарбековдун сөөгүн алып келүүгө мекендештер акча чогултууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда алар социалдык тармактар аркылуу жарыялашты.
Маалыматка ылайык, 29-январда жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеген Нуржигит Капарбеков жол кырсыгына кабылып көз жумган. “Жол кырсык Мичиган штатынын Детройт шаарында болду. 24 жаштагы жигит үй-бүлөсүндө жалгыз уул болгон. Учурда Нуржигиттин достору фонд ачып маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүгө жана акыркы сапарга узатуу зыйнатына 20 миң доллар топтоодо”,- деп жазылат билдирүүдө.
Автор: Нургазы Аматов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















