ЖЫЛНААМА: Кыргыз эстрадасынын жылдызы Мирбек Атабеков 40 жашка толду
Бүгүн, 11-август кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 40 жаш мааракесин белгилеп жатат. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасында билдирип, жаңы ырын бөлүшкөн.
"Бүгүн 40 жашка толдум! Ар кимдин өз жолу, өз тагдыры, өз баяны бар. Бирок баарыбыз бир кемеде бараткандай, жашоонун ар башка учурларын баштан өткөрөбүз",- деп жазган Атабеков.
Ал 1986-жылы 11-августта Талас облусуна караштуу Жон-Арык айылында төрөлгөн. 1993-жылы өзү жашаган айылдагы мектепке барып, 6-класска чейин ошол жерден билим алган. Кийин бир туугандары менен Бишкекке көчүп келип, №50 мектеп-гимназиясында окуусун уланткан.
Атабеков кичинекей кезинен эле чыгармачылыкка кызыгып, мектептеги ар кандай иш-чараларда ырдап жүргөн. Мектепти аяктаган соң Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырган. Кийинчерээк "Поющий город" долбооруна катышып, финалга чейин жеткен. Дал ушул долбоор Мирбектин ырчылык кесипти тандашына чоң түрткү берген.
2004-жылы Мирбек Атабеков "Тандем" аттуу музыкалык топ түзүп, көп өтпөй "Жүзүң" аттуу ыры менен кыргызстандык хит-параддардын алдыңкы саптарына чыга баштаган. 2006-жылы ырчы Канат Култаев менен чыгармачылыкта кызматташып, "Сени гана" аттуу ыры менен чоң популярдуулукка жеткен. Бул чыгарма Мирбектин чыгармачылык жолундагы эң белгилүү хиттеринин бирине айланган. Ал эми 2007-жылы "Не моя" ыры өлкөдөгү радиолордон байма-бай жаңырып, көптөгөн жаштардын кыргыз эстрадасына болгон кызыгуусун арттырган. Ошол эле жылы ырчынын алгачкы жеке концерти 3 күнгө созулган. Ал ырчылык менен гана чектелбестен, актёрлук талантын да сынап келет. Мирбек Атабеков “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча 3 жолку “Жылдын мыкты ырчы мырзасы”, "Заманыбыздын супер ырчысы" наамдарынын ээси.
Ал чыгармачылыгында бир гана багыт менен чектелбестен, поп-музыка, фольклор жана рок сыяктуу ар түрдүү жанрларда ырдап келет. Анын репертуарында жеке чыгармаларынан тышкары белгилүү ырчылар менен аткарган дуэттери да бар. Атабековдун ырларын башка тилдерге которушуп, анын популярдуулугу Борбор Азия өлкөлөрүнө да кеңири тараган. 2016-жылы ага "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы ыйгарылган.


Мирбек Атабеков 2014-жылы Мээрим Төлепберген аттуу сүйүктүүсүнө баш кошкон. Жубайлардын 2 кыз 1 уулу бар. 2023-жылы ырчынын жубайы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу эки ажырым жолго түшкөнүн билдирген.
Атабеков бүгүнкү күндө "Ошондо", "Баарын унутам", "Эркелечи my baby", "Сени менен", "Жүрөктө сенсиң жаным" жана башка көптөгөн хиттерин күйөрмандарына тартуулап, кыргыз шоу-бизнесиндеги өз ордун сактап келет.
11-августка карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















