Бийлик электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу керектигин эскертти
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.
Ага тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
Маалыматка ылайык, ушул жылы республика боюнча электр энергияны керектөө көлөмү 19,6 миллиард киловатт-саат болушу күтүлүүдө. Анын 15,5 миллиард киловатт-сааты өлкөдө иштелип чыкса, калган 4,1 миллиард киловатт-саат дефицит импорттолот. Ал эми, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу аз болууда.
Жогорудагы маселелерге байланыштуу электр энергияга болгон ички лимитти сактоо, сууну сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы айтылып, ГЭСтердеги гидроагрегаттарды күчтөө жана жылуулук электр борборунда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерин графике ылайык бүтүрүү керектиги белгиленди.
Ал эми отун менен камсыздоодо республика боюнча 2026-2027-жылга жалпы күйүүчү мазут – 45,5 миң тонна, көмүр – 3408 тонна керектелет. Кампаларга графикке ылайык тийиштүү көлөмү жеткирилген, ошондой эле тендерлер өткөрүлүп келишимдер түзүлүүдө. Мындан тышкары, республиканын жаратылыш газы маселесинде 2026-жылга газдаштыру жана долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Акунбеков жетекчилерге тийиштүү протоколдук тапшырмаларды берди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















