Издөөдөгү өзбекстандык бир туугандар Баткенден кармалышты
Кадамжай районунда Өзбекстандын жарандары алдамчылыкка шектелип кармалышты. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр 2021-жылы Ак-Турпак айылынын тургундарын "пластик терезе жасап беребиз" деген убада менен алдап кетишкен. Жабырлауучулар жалпы 122 миң сом зыянга учурашкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөргө 2023-жылы издөө жарыяланган. Үч жылдан кийин өзбекстандык бир туугандар колго түшүшкөн. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:23
2026-08-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















