Хамзанын Дубайдагы дарылануусу аяктады (видео)
СМА оорусу менен күрөшүп келген кичинекей Хамзанын Дубайдагы дарылануусу аяктады. Бул боюнча Хамзанын атасы Русланбек Рахманов социалдык тармактан билдирди.
"Буюрса, бизге үйгө кеткенге уруксат беришти. Толугу менен текшерүүлөрдөн өттү. Хамза алган уколун 100 пайыз жакшы көтөрө алды. Алдыда дагы 3 анализибиз бар, ал текшерүүлөрдү Казакстандан өтөбүз. Хамзанын каттоосу Казакстанда болгондуктан, анализдер ошол жактан тапшырылат.
Андан соң буюрса, Кыргызстанга барабыз. Бизди колдоп, жардам берген ар бириңиздерге ыраазычылык!",- деген атасы.
Белгилей кетсек, 2025-жылы орозо айында анын уколуна кыргыз эли 170 миллион сом топтоп берген эле. Тилекке каршы, анын антителасы жогору болуп, ала албай 1 жыл реабилитациядан өтүп, уколду быйыл алды.
Хамзанын Дубайдагы дарылануусу аяктады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















